Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
27 Январь 2023 ж. 14:14
Көрүлдү: 514
Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды.
Операция 4 саатка созулуп, аны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жанек Белеков жана онколог-хирург Өмүрбек Алишов жасады.
Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасында түрдүү операциялар жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.