НООКАТ РАЙОНУНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПТИН ЖЫЛЫТУУСУ ЖӨНҮНДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2023 ж. 14:07

Көрүлдү: 360

Билим берүү жана илим министрлиги Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектебинин жылытуусу жөнүндө 2023-жылдын 27-январында “АкиПресс” маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган макала боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:

post.title

2023-жылдын 24-25-26-январь күндөрү Ынтымак айылында саат 8.00дөн саат 10.00го чейин жана мезгил-мезгили менен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Ошол учурда мектептин буу казанындагы (котельный) сууну айдоочу насостор иштебей калгандыктан мектептин имараты муздап калат. Кайрадан жылуулук берилип, толук кандуу ысыганга чейин эки саатка жакын убакыт кетет. Бул мезгилде  кааналарда температура нормага жетпей жаткан.

Жылытуу мезгилине керектелүүчү БСШ маркадагы 90 тонна көмүр айыл өкмөтү тарабынан түшүрүлгөн. Акыркы 2 күндөн бери башка БК маркадагы көмүр айыл өкмөтү тарабынан алынып келинди.  Учурда окуу кааналарында температура 17,18 градусту түзөт. Мындан сырткары окуу кааналарына кошумча жылыткычтар коюлуп, жылытылууда. Окуу процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок.

Эскертүү!

Билим берүү мекемелерин жылытуу менен камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө карабастан, ата-энелер окуу процессин жандантуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Мындан улам аталган мектепте окуу башталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар