ЖРТ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА ТЕСТ КЫЗМАТЫН ТАНДОО КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Январь 2023 ж. 18:24

Көрүлдү: 1982

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2025-жылдары Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү боюнча Көз карандысыз тест кызматын тандоо конкурсун жарыялайт.

post.title

Тестирлөөнүн ыкмаларын колдонуп, билим берүү жаатында көз карандысыз баалоону өткөрүп келген, кеӊири багыттагы тесттерди өткөрүү тажрыйбасы бар, Мамлекеттик билим берүү стандартынын жана жалпы билим берүү мектеп программаларынын негизинде ар башка предметтерден ар түрдүү тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча тажрыйбасы көп мамлекеттик эмес мекеме өткөрүшү керек. 

Талаптар 

Тартиби 

Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: министрликтин расмий сайтында конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндөгү маалымат чыккандан кийин он алты (16) календардык күндө кечки саат 18.00гө чейин.

Дареги: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 257, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар