ЧЕК АРАДАГЫ ОКУЯЛАРДАН УЛАМ ТАЛКАЛАНГАН ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Январь 2023 ж. 16:25

Көрүлдү: 500

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

post.title

Аталган орто мектептерде 2023-жылдын 23-январынан тарта кадимки шартта окуу башталды.

Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 млн 279 миң 760 сом, Хамза атындагы орто мектепти ондоого 1 млн 576 миң 82 сом жумшалды.

Оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 12-декабрында башталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар