АЙРЫМ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТҮП, БАЛА БАКЧАЛАР ЖАБЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Январь 2023 ж. 14:28

Көрүлдү: 641

Билим берүү жана илим министрлиги 17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдайт.

post.title

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:

  • Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
  •  Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
  • Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;
  • Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп

Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы –1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар