НЕКРОЛОГ – КАЗИЕВА КҮЛҮКАН КАЗИЕВНА

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

12 Январь 2023 ж. 11:15

Көрүлдү: 832

7-январда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, эмгек ардагери, Кыргыз Республикасынын персоналдык пенсионери Казиева Күлүкан Казиевна дүйнөдөн кайтты.

post.title

Казиева Күлүкан Казиевна 1935-жылы 1-майда Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими:

1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин бүтүргөн.

1958-жылы –  В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

1958-жылы жолдомо менен Кант районунун Горная-Серафимовка жети жылдык мектебине орус тили жана адабияты мугалими болуп жиберилген.

1971-жылы Горная-Серафимовка жети жылдык мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалган.

1976-1986-жылдары аталган мектептин директору болуп эмгектенген.

Коомдук ишмердүүлүгү:

1960-1987-жылдары Ысык-Ата районунун айылдык кеңешинин депутаты,

1980-1987-жылдары Кант районунун депутаты болгон.

Сыйлыктары:

1979-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” ардак наамы,

- “Даңк” медалы,

- Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамотасы,

- педагогикадагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган туулган күнүндө “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы,

- Ысык-Ата айылдык кеңеши тарабынан “Айылдын ардактуу атуулу” наамы.  

5 баланы тарбиялап, 13 небереси жана 16 чөбөрөсү бар.
 

​КР Билим берүү жана илим министрлиги Казиева Күлүкан Казиевнанын туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар