ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ: БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ ОНЛАЙН ОКУТУУ УЗАРТЫЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Декабрь 2022 ж. 13:04

Көрүлдү: 903

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында онлайн режиминде окутуу 2022-жылдын 28-декабрына чейин узартыла тургандыгын билдирет.

post.title

Мындай чечим 2022-жылдын 22-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде өткөн жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бишкек шаарында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгын маалымдагандыктан улам кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 15-декабрындагы №2742/1 буйругунун негизинде онлайн режиминдеги окутууга которулган жалпы билим берүү уюмдарында окуу-тарбиялоо процессин күндүзгү формасында жүргүзүү облустук/райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат.

Менчиктик таандыгына жана түрүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (балдар бакчаларында) окуу-тарбиялоо процесси облустук/райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары тарабынан берилген санитардык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар