ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ЭТАБЫ 26-ДЕКАБРДА БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Декабрь 2022 ж. 17:53

Көрүлдү: 1075

Билим берүү жана илим министрлигинин “2022/2023-окуу жылына кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди.

post.title

Ага ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 2022-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2022-жылдын 29-31-декабры саат 16:00.

 

Кышкы кабыл алуунун экинчи этабы 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат.

Экинчи этап үчүн конкурска катышууга талапкерлерди каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 12-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 12-14-январы саат 16:00.

 

Кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 19-21-январы саат 16:00.

 

Кышкы кабыл алуунун төртүнчү этабы 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 26-28-январы саат 16:00го чейин.

ЖОЖго окууга болгон каалоосун тастыктаган абитуренттердин  жалпы тизмеси  бардык турлардын  кабыл алуу жыйынтыгы боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна ырастоо үчүн жөнөтүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар