ЖАШТАРДЫ ИЛИМГЕ ТАРТУУ ҮЧҮН МЕКТЕП МЕНЕН ЖОЖдордун КЫЗМАТТАШТЫГЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Декабрь 2022 ж. 14:26

Көрүлдү: 379

Бүгүн, 7-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов “Жалпы билим берүү уюмдарында илимий жетекчилердин институтун өнүктүрүү” аталышындагы форумга катышты.

post.title

“Жогорку окуу жайлар жана алардын илимий-педагогикалык кызматкерлери менен чогуу илимде жаштарга жол көрсөтүү максатында долбоор баштап жатабыз. Бул долбоордун негизги максаты – Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда инновациялык багыттагы жана инновациялык өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун фактору катары демилгелөөчү инновациялык жана илимий билим берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат”, - деди министр Мамбетакунов.

2022-жылдын апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги КР Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргыз патент) менен  Жогорку окуу жайлар менен жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүү тууралуу долбоор иштеп чыккан.

Долбоорду 2022-2026-жылдар аралыгында ишке ашыруу менен төмөнкү натыйжаларга жетишүү (инновациялык продуктулар) каралган:

  • ЖОЖдор менен биргелешип аракеттенүүнүн алкагында мектеп окуучуларын тармактык даярдоо боюнча иштердин системасы түзүү;
  • инновациялык мектептерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоор ишке ашыруу;
  • инновациялык мектептердин санын көбөйтүү;
  • ЖОЖдордо жана мектептерде инновацияларды жана интеллектуалдык активдүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттар түзүү;
  • тармактык  предметтерди (IT, математика, физика, химия, биология жана башка предметтерди) окутуунун сапатын жогорулатуу;
  • ЖОЖдор менен мектептердин биргелешип аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча методикалык сунуштар иштелип чыгуу ж.б.

Форумдун жүрүшүндө И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун эксперти Эльмар Мукамбетов, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев, ж.б. тарабынан докладдар жасалды. Ошондой эле форумдун программасында тематикалык багыттагы сессиялар, мастер класстар бар.

Белгилей кетсек, аталган форум Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргыз патент) тарабынан уюштурулду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар