БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РОССКЫЗМАТТАШТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Декабрь 2022 ж. 12:03

Көрүлдү: 386

2022-жылдын 6-декабрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасындагы Роскызматташтыктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зулхарнеев менен жолугушту.

post.title

Алар 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жарандарын Россиянын ЖОЖдорунда окутууга квота берүү, жалпы билим берүү уюмдарында орус тилин окутууну жакшыртуу боюнча долбоорлорду, эки өлкөдө илимий-билим берүү иш-чараларын уюштурууну талкуулашты.

Тараптар социалдык-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар