БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО ҮЧҮН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООДО

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Декабрь 2022 ж. 11:53

Көрүлдү: 394

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарында билим берүү тармагына биргелешкен сереп башталды.

post.title

Ачылыш аземинде Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов “Билим берүү тутумун келечектеги соккуларга туруктуу, ошондой эле адилеттүү, инклюзивдүү, актуалдуу жана ийкемдүү болушу үчүн кайра карап чыгуу жана трансформациялоо зарылдыгын” айтты.

Форумда Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, ЮСАИД, Сорос Фондунун өкүлдөрү менен 2021-2023-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасынын иш-аракеттер планын ишке ашыруудагы прогрессти, билим берүү чөйрөсүндөгү чыгымдарды талкуулап, колдоо үчүн артыкчылыктуу багыттарды макулдашышат.

Талкуунун катышуучулары топтордо бирдей жеткиликтүүлүк, сапат, каржылоо, билим берүүнү санариптештирүү жана мугалимдердин өнүгүүсү боюнча жетишкендиктерге баа берип, коюлган милдеттердин аткарылбай жаткан себептерин айтып, Кыргызстандын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча жаңы идеяларды аныктоодо.

Иш-чара БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторунун кеңсесинин катышуусунда уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар