БИРИНЧИ ЖОЛУ ОКУУЧУЛАРДЫН СОЦИАЛДЫК-ЭМОЦИОНАЛДЫК КӨНДҮМДӨРҮН БААЛОО ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Декабрь 2022 ж. 13:02

Көрүлдү: 495

2022-жылдын декабрь айында Чүй облусундагы окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргөн 42 мектептин 4-8-класстарынын окуучулары социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн текшерүү тестирлөөсүнө катышат.

post.title

Социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн баалоо каражатынын апробациясы 23-ноябрда Бишкек шаарындагы №10 жана №46 мектептеринин базасында окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн 4-8-кластар арасында өткөрүлдү. 12 мугалим, 184 окуучу жана мектептердин жетекчилиги тестти санариптик форматта планшеттерде тапшырышты. Бул изилдөө республикада биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.

Тестирлөө окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн дароо аныктап, бул көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берген негизги факторлорду баалайт. Изилдөө окуучулардын когнитивдик көндүмдөрүн текшербейт.

Социалдык-эмоционалдык көндүмдөр (СЭК) – адамдарга төмөнкү көндүмдөрдү берет:

  • өзүнүн эмоциясын таанып-билүү жана аны башкаруу
  • чыр-чатактарды ийгиликтүү чечүү
  • позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо
  • башкалардын көйгөйүнө тилектеш болуу, түшүнүү
  • позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо, этиканы сактоо, алардын жамаатына конструктивдүү салым кошуу
  • жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу жана оор кырдаалдарды чечүү

Изилдөөгө даярдык көрүү максатында эл аралык консультант Сид Динлемеза менен биргеликте окутуу семинарлары уюштурулду. 

Инструмент жергиликтүү консультанттардын жардамында адаптацияланган. Жумушчу топтун талкуу жана сунуштарынын негизинде ал толукталып, апробацияга даярдалган. Апробациядан кийин инструментке дагы толуктоо киргизилет.

Изилдөө Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар