МИНИСТР МЕКТЕП-ИНТЕРНАТТАГЫ ОКУУЧУЛАРДАН КАБАР АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Декабрь 2022 ж. 19:39

Көрүлдү: 434

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Бишкек шаарындагы №21 угуусу начар жана кулагы укпаган балдар үчүн адистештирилген мектебине барып, балдардан жана окутуучу курамдан кабар алды.

post.title

Уланбек Мамбетакунов балдарды 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү менен куттуктап, жылуу сөздөрүн арнады.

“Бүгүнкү майрам - дүйнө кандай гана түрдүү экенин, ар бир адам өзгөчө экенин, бирок ошого карабастан баарыбыз бирдей укукка ээ экенибизди түшүндүрө турган майрам. Кандай гана тоскоолдуктар болбосун, баарыбыз камкордукка, түшүнүүгө жана мээримге муктажбиз. Урматтуу балдар, сиздерден да келечекте өлкөбүздү жаркын келечекке алып бара турган илим-билимдүү, таланттуу атуулдар чыгат деген терең ишеничтемин! Сиздерден жакшы окууну гана суранабыз, ден соолукта болуңуздар!”- деп белгиледи Министр.

Уланбек Мамбетакунов өзгөчөлөнгөн балдарды куттуктоо менен аларга талыкпастан кам көрүп, түшүнүү менен мээримин төгүп тарбиялап келаткан эмгек жамаатка ыраазычылык билдирди. Министр мекеменин атынан майрамга арнап камдай келген ар кандай өздүк гигиена каражаттары, таттуулар, окуу куралдары жана компьютерден турган белектерин балдарга тапшырды. Ошол эле учурда Уланбек Мамбетакунов 9-класстын окуучусу өз колу менен жасаган гүл сувенирге арзыды.

Иш-чара мектептин таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар