ПЕДАГОГДОР ТАРБИЯ ЖАНА ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Декабрь 2022 ж. 17:51

Көрүлдү: 802

Бүгүн, 2-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде “Ата-энелерди тарбиялоо процессине тартуу жана мектеп чөйрөсүндө зомбулуктун алдын алуу” аталышындагы семинар өттү.

post.title

Семинарга Билим берүү илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов, Лейлек районунун эксперименталдык №3 гимназия мектебинин директору Гапыр Мадаминов, Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы мектеп мугалимдери, директорлор, облусттук институттардын, методикалык борборлордун өкүлдөрү, ошондой эле онлайн форматта өлкө боюнча 100дөн ашуун мугалим катышты.

“Мен мугалимдиктин бардык тармагында иштегем. Биз сабак бергенде сабактын үч максатын коебуз. Ошонун бир максаты - тарбия берүү. Кагаз жүзүндө баары мыкты жазылган, бирок ошол канчалык деңгээлде өзүнүн көздөгөн максатына жетүүдө деген суроо жатат. Коомдо балдарга карата зордук-зомбулук күчөп алууда. Мындан улам тарбия жаатында кайсы багыттарды күчөтүшүбүз керек? Кандай  иштерди алдыда алып баруу зарыл? Бүгүн сиздерден ушул жаатта сунуштарды, тажрыйбаларды бөлүшүүнү күтөбүз”, - деди Токтобүбү Ашымбаева.

Ал эми Лейлек районунун эксперименталдык №3 гимназия мектебинин директору Гапыр Мадаминов “Ата-эне программасы” аркылуу ата-энелерди билим берүү процессине тартуу боюнча улуттук тажрыйба” темасында семинар өтүп, ата-энелер мектебинин маанилүүлүгүнө токтолду:

“Азыркы күндө балдар мектеп менен үй-бүлөдөн эмес, уюлдук телефондон тарбия алып калды. Балдардын жан дүйнөсү, акыл-эси жабыр тартууда. Бул көйгөйдүн башы 90-жылдардын башында эле көрүнө баштаган. Мындан улам ата-энелер мектебинин программасын жазып, ата-энелерди окута баштагам. Билим, тарбия берүү бул эки жактуу процесс. Үй-бүлө катышпаса, мектеп директору канчалык кыйын болбосун андан майнап чыкпайт”, - деп билдирди Гапыр Мадаминов.

Ошондой эле “Мектептердеги зомбулуктун алдын алуу, балдарды жана ата-энелерди тартуу боюнча кырдаалдык талдоо”, “Балдарды жана ата-энелерди камтыган мектептердеги зомбулуктун алдын алуу сабактарынын мааниси”, “Өзүн-өзү таануунун конпепциясы” ж.б. темаларында баяндамалар жасалды.

Семинар улуттук жана эл аралык тажрыйба аркылуу ата-энелердин тарбия берүүдөгү ролун жогорулатуу жана мектептеги зомбулуктун алдын алууда балдарды билим берүү процессине тартууга багытталган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар