МИНИСТРЛИК ЖАНА МЖӨ БОРБОРУ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ УЮШТУРУУ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮКТҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Декабрь 2022 ж. 17:30

Көрүлдү: 462

2022-жылдын 2-декабрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов менен жолугушту.

post.title

Тараптар мектепке чейинки билим берүү тармагындагы долбоорлорду илгерилетүүнү талкуулашты.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү МЖӨ долбоорлорун демилгелөө үчүн объекттер изделип жатканын, тактап айтканда, алардын бири Аламүдүн районунда каралып жатканын билдиришти.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 25-октябрында МЖӨ борбору тарабынан иштелип чыккан мектепке чейинки мекемени уюштуруу жөнүндө долбоорду ишке ашыруу боюнча типтүү сунуштун долбоору бекитилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар