КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдоруна КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Декабрь 2022 ж. 13:44

Көрүлдү: 430

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы №665 токтому чыкты.

post.title

Токтомго ылайык, КР ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди:

- Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт.

- Чет өлкөлүк абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин жүргүзүлөт.

- Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн”.

Токтом кыргыз тилинде: https://www.gov.kg/ky/npa/s/4250

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар