ЭЛ АРАЛЫК ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ РОССИЯНЫН ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛА АЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Декабрь 2022 ж. 10:46

Көрүлдү: 504

КМШга мүчө мамлекеттердин жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүү класстарынын окуучулары, колледж студенттери, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү “Бардык жолдор МАДИге алып барат!” Эл аралык интеллектуалдык сынагына катыша алышат.

post.title

Москва автомобиль-жол мамлекеттик техникалык университети (МАЖМТУ) Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүнө МАЖМТУнун магистратура, бакалавр жана специалитет программалары боюнча акысыз билим алууга шарт түзүлүп, жатакана жана стипендия менен камсыз кылынат.

Сынак аралыктан (дистанттык форматта) өткөрүлөт.
Катышуу үчүн https://intpriem.madi.ru/reg/ сайтына катталуу керек:
- бакалавр жана 
специалитет программаларына тапшыруу үчүн 2023-жылдын 27-январына чейин;
- магистратурага тапшыруу үчүн 2023-жылдын 17-январына чейин.

Сынак жөнүндө толук маалымат: https://www.madi.ru/5245-mezhdunarodnyy-intellektualnyy-konkurs.html

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар