МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: НАРЫНДАН 13, ЫСЫК-КӨЛДӨН 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Ноябрь 2022 ж. 17:06

Көрүлдү: 3064

Бүгүн, 24-ноябрында Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү.

post.title

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Нарын облусунан 13 адам босого пайыздык чектен өттү. Жалпысынан тест катышууга 46 талапкер документ жиберип, анын 36сы тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча тестирлөөдө 60 пайыздык чектен 7 талапкер өттү.  Жалпы 39 адам документ жиберип, анын ичинен 27 талапкер сынакка катышуу укугун алган.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 19 ваканттык орун бар болчу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар