БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН ЛИЦЕНЗИЯЛОО БОЮНЧА АРЫЗДАРДЫ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ТАПШЫРУУГА МҮМКҮН

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Ноябрь 2022 ж. 14:06

Көрүлдү: 2867

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын лицензиялоо боюнча арыздарды электрондук түрдө тапшырууга мүмкүн экендигин маалымдайт.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларын лицензиялоо боюнча арыздарды электрондуктүрдө кабыл алуу жана кароо максатында АСУЛА - электрондук лицензиялоо платформасын иштеп чыкты. 

Мындан ары арыз ээлери лицензия алууга арыздары менен электрондук түрдө кайрылса болот.  

Электрондук түрдө кайрылуу үчүн https://asula.edu.gov.kg шилтемеси аркылуу өтүү зарыл. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар