КЫРГЫЗСТАНДА 14-НОЯБРДАН 18-НОЯБРГА ЧЕЙИН ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖУМАЛЫГЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Ноябрь 2022 ж. 18:03

Көрүлдү: 439

Бишкекте 2022-жылдын 15-ноябрында Кыргызстандын абитуриенттери менен таанышуу үчүн Эл аралык билим берүү жумалыгы ачылды.

post.title

Иш-чарага Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана АКШ элчилигинин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кей Джи Мур катышты.

Токтобүбү Ашымбаева иш-чараны уюштургандыгы үчүн АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигине ыраазычылык айтып, бүгүнкү иш-чара заманбап билим берүүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөтөрүнө ишенем деп билдирди.

Кей Джи Мур Кыргызстандын студенттеринин үмүтү жана келечеги үчүн кам көргөн достор жана өнөктөштөр бар экендигин белгиледи.

“Бүгүн бул жерден сиздер үчүн жеткиликтүү бир нече программаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү таба аласыздар”, - деди ал.

Бишкекте үч күн ичинде Европа Бирлигинин Улуттук Эразмус+ программасы, ЕККУнун Академиясы, Германиянын DAAD, Улуу Британия Chevening программасы, Венгриянын Stipendium Hungaricum; Франциянын Альянс Франсез, Борбор Азиядагы Америка Университетинин; АКШнын программалары сыяктуу эл аралык билим берүү программалары жана дүйнө жүзүндөгү академиялык институттар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

Иш-чара 16-ноябрда Кыргыз Улуттук университетинде саат 14:00дон 17:00го чейин өткөрүлөт. М. Фрунзе көч., 547.

17-ноябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде саат 14:00дон 17:00 го чейин өткөрүлөт. Ч.Айтматов проспекти 66.

Иш-чара Ош, Каракол жана Нарын шаарларында да өткөрүлөт.

Эл аралык билим берүү жумалыгы АКШнын Мамлекеттик департаменти менен АКШнын билим берүү департаментинин биргелешкен демилгеси.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар