Министрликте мамлекеттик буйрутма аркылуу илимий-изилдөө иштери боюнча конкурсту уюштуруу маселелери каралды

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

10 Август 2021 ж. 20:00

Көрүлдү: 1258

2021-жылдын 10-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана министрликтердин өкүлдөрү менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууда мамлекеттик органдарда түзүлгөн илимий-техникалык кеңештерден түшкөн мамлекеттик буйрутма аркылуу илимий-изилдөө иштери боюнча конкурсту уюштуруу маселелери каралды.

Г. Билбаева 2019-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын чечимине ылайык учурда илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик буйрутма боюнча илим-изилдөө иштерин аткарып жатканын, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө Билим берүү жана илим министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тыгыз кызматташуусу зарыл экенин баса белгиледи.

Катышуучулар мамлекеттик буйрутма, мамлекеттик органдарда түзүлгөн илимий-техникалык кеңештерди түзүүдөгү жана аталган кеңештердин ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөр тууралуу ой бөлүшүштү.

Жолугушууда илимди жаңы деңгээлге көтөрүүнүн стратегиялык максаты өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн талап кылынган экономиканын реалдуу секторун технологиялык жактан жаңыртууга илимдин салымын жогорулатуу экендиги белгиленди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар