Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы
Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгы
1-СЕНТЯБРДАН ТАРТЫП МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЖАНА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЛАРЫНЫН КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ 50%ГА ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

Көрүлдү: 2824

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мугалимдердин жана мугалимдердин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен Билим берүү системасынын кызматкерлеринин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды.

post.title

Билим берүү уюмдарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 558 ​​млн сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 186 млн сом талап кылынат.

 

2023-жылдын 1-сентябрынан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептер жана интернаттар, балдар үйлөрү), реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо боюнча адистештирилген борборлор, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү балдар мектептеринин жетекчилеринин орточо эмгек акысы

Окуучунун саны

2023-жылдын 1- сентябрынан Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин орточо эмгек акысы

Директор

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларв

1

До 100

24 000

21 000

2

От 100 до 600

27 000

24 000

3

От 600 до 1200

30 000

27 000

4

От 1200 до 1800

33 000

30 000

5

Свыше 1800

36 000

33 000

 

Орточо эмгек акысы

30 000

27 000

 

Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облуснун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19143 сом айлык акы алса, эми 28715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17413 сом алса, мындан ары 26120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 731 сом алса, эми 35 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21360 сомдун ордуна 32040 сом маяна акы алмакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар