Көрүлдү: 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 14-мартындагы №277/1 «PISA-2025 негизги изилдөөсүн өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде, 2025-жылдын 1-апрелинен 20-майына чейин Кыргыз Республикасында PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн негизги этабы башталды. Изилдөөгө 197 жалпы билим берүү уюмдарынан 6900гө жакын 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат.
Баткен облусунда PISA-2025 негизги изилдөөсү компьютердик негизде жүргүзүлүп, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ар бир окуучуга тест жана анкета тапшыруу үчүн ноутбуктарды алып барды. Сынак жүргүзүү үчүн тест администраторлор, IT жана мониторинг жүргүзүүчү адистер да тартылды.
PISA-2025 изилдөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен өткөрүлүүдө. 120 ноутбуктун ижарасы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган.
Иш-чаранын оператору – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти.