Көрүлдү: 0
1-апрелден баштап Кыргыз Республикасында окуучуларды эл аралык баалоо программасы PISA-2025 изилдөөсүнүн алкагында негизги тестирлөө башталды. Бул иш-чара өлкөнүн билим сапатынын эл аралык стандарттарына жооп берүүсүн чагылдырган улуттук билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп саналат.
Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Алабука, Токтогул райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын окуучулары изилдөөгө мыкты даярдык менен катышып, 3 багыт боюнча билимдерин сынап көрүштү:
Тестирлөө 2025-жылдын 30-апрелинде аяктайт. Изилдөөнүн акыркы жыйынтыгы 2026-жылдын аягында жарыяланып, Кыргызстандын билим берүү системасынын абалына ар тараптуу талдоо берилет.
Эске салсак, PISA-2025 изилдөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен өткөрүлүүдө. 120 ноутбуктун ижарасы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган.
Иш-чаранын оператору – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти.
*************************************************************