Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти
PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ОШ ОБЛУСУНДА

Көрүлдү: 0

Ош облусунун Араван, Алай, Ноокат, Кара-Суу, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын окуучулары да PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышып, 3 багыт боюнча билимдерин сынап көрүштү: 1. Математикалык сабаттуулук; 2. Окуу жана түшүнүү сабаттуулугу; 3. Табигый-илимий сабаттуулук.

post.title

  

  

PISA – Эл аралык окуучуларды баалоо программасы. PISA дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана алардын билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт.

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү изилдөө болуп саналат. Ал ар түрдүү өлкөлөрдүн билим берүү системасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү аныктоого, салыштырууга мүмкүнчүлүк берип, тийиштүү тыянактарды чыгарууга жана билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

Эске салсак, PISA-2025 изилдөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен өткөрүлүүдө. 120 ноутбуктун ижарасы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган.

Иш-чаранын оператору – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар