Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Түрк тилдүү мамлекеттер арасында II Универсиада оюндарында ийгиликтүү катышкан жогорку окуу жайлардын спортчуларына, мугалим-машыктыруучуларына, калыстарына жана ректорлоруна салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи.

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 5-ноябрынан 10-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер арасында II Универсиада оюндарында ийгиликтүү катышкан жогорку окуу жайлардын спортчуларына, мугалим-машыктыруучуларына, калыстарына жана ректорлоруна И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Түрк тилдүү мамлекеттер арасында II Универсиадада спортчулар спорттун 7 түрү боюнча күч сынашты: стол тенниси, шахмат, волейбол, футзал, дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү боюнча. Мелдештерге Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайынан 80 студент катышып, 28 медаль жеңип алышты. Кыргызстандын спортчулары футзал боюнча мелдеште 1-орунду, аялдар арасында 2-орунду, волейбол боюнча эркектер арасында 3-орунду ээлешти. Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти Аманат Самат уулу алтын медальга ээ болду. Андан тышкары: Грек-рим күрөшү боюнча – 4 күмүш жана 1 коло медаль; Дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында - 2 күмүш жана 3 коло медаль; Дзюдо боюнча эркектер арасында - 1 күмүш жана 6 коло медаль; Эркин күрөш - 1 күмүш жана 2 коло медаль; Шахмат - 4 коло медаль. Универсиадага жалпысынан Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Венгриядан 450дөн ашык спортчу катышты. Оюндар Олимпиада борборунун спорт комплексинин жана Эл аралык казак-түрк университетинин базасында өткөрүлдү. Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, Билим берүү жана илим министрлигинин Илим башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлжигит Токтошев катышты.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар