Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Росиия Федерациясынын Екатеринбург шаарында өткөн Эл аралык университеттик универсиадасында Кыргыз Республикасынын университетттик курама командасынын катышуусунун жыйынтыктары.

Көрүлдү: 0

Эл аралык университеттик спорт фестивалынын жыйынтыктары. 19-августтан 31-августка чейин Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Эл аралык университеттик спорт фестивалына 36 өлкөдөн, анын ичинде БРИКС, ШКУ жана КМШ мамлекеттеринен 281 университет катышууда. Спорттун 14 түрү боюнча мелдештер: бадминтон, 3х3 баскетбол, бокс, волейбол, дзюдо, футзал, стол тенниси, сууда сүзүү, сууга секирүү, самбо, күрөш, теннис, таэквондо жана көркөм гимнастика. Бул фестивалга Кыргызстандын курама командасы 40 спортчу катышууда, алар - бокс, самбо, күжүрмөн самбо, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, грек-рим күрөшү, дзюдо спорттун түрлөрү боюнча. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 6 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту, алар төмөнкү ЖОЖдордун студенттери: - Кыргыз медициналык стоматологиялык институту (КМСИ); - Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы; - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.; - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Тоо-кен технологиялык колледжи; - К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет; - Ош-Өзбек университети; Кыргызстандык спортчулар спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча байгелүү орундарга ээ болушту: Грек-рим күрөшү: 1. Муратбек уулу Улан (57 кг) - күмүш медаль, Кыргыз медициналык стоматологиялык институту (КМСИ) студенти; 2. Бердиев Алибек Аскаралиевич (77 кг) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти; 3. Орункул уулу Бекзат (82 кг) - күмүш медаль, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти.; Дзюдо: 1. Шабданбеков Муса (66 кг) - коло медаль, Кыргызстан Эл аралык университетинин 3-курсунун студенти; Бокс: 1. Жеңиш Улпатов (48 кг) – алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти; 2. Рустамбек уулу Нурадин (71 кг) - алтын медаль, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти; 3. Азаматов Айдар (86 кг) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти; 4. Токтосун уулу Бакыт (92 кг) - күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти; 5. Иназаров Мирзахид (60 кг) - коло медаль, Ош-Өзбек университетинин студенти. Эркин күрөш: 1. Доктурбек уулу Юхан (57 кг) – күмүш медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти; 2. Мырзаназар уулу Бекболот (61 кг) - алтын медаль, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти; Аялдар күрөшү: 1. Нуридин кызы Бермет (59 кг) - алтын медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти; 2. Сазанова Дильназ (65 кг) – күмүш медаль, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти. Күжүрмөн самбо: 1. Шаршенов Тагир Болотович – Кыргызстандын эл аралык университетинин студенти.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар