Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
2023-жылдагы республикалык универсиаданын жыйынтыкталды

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 28-жылдын 2023-апрелинде 2023-жылдагы республикалык универсиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Универсиадасына жалпысынан 35 ЖОЖ катышты (КГАФКиС, КГТУ, КТУ «Манас», ОшГУ, КНУ, КРСУ, КГМА, КГУ им.Арабаева, БГУ, БатГУ, ЖАГУ, ОшТУ, Академия МВД, КНАУ, МУ «Ала-Тоо», ОшКУМУ, ОГПУ, МУК, КЭУ, М.Кувейтский унив., МУ Жалал-Абад, ИГУ, МУИТ, АУЦА, НГУ, Унив. Центр.Азии г.Нарын, МАУПФиБ, ТалГУ, Ислам университет, Университет Адам, Кырг.авиа.институт, Меж.мед.унив., «Салымбеков» ун., ИСИТО, МУЦА). Жалпы командалык эсепте орун алды: 1-орун - Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы; 2-орун - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; 3-орун - И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети Сыйлык тапшыруу аземине катышып, куттуктоо сөздөрү менен сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору А. Абдымомунов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дене тарбия, спорт жана маданият боюнча республикалык усулдук борбордун директору К.О. Исаев, Б. Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору С. С. Азизбаев, Кыргыз Республикасынын Студенттик спорт федерациясынын башкы катчысы Канат Усупбеков ж. б. Универсиаданын катышуучулары, ошондой эле спорттук мелдештердин машыктыруучулары жана уюштуруучулары баалуу белектер менен сыйланышты.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар