Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык универсиаданын ачылыш аземи

Көрүлдү: 0

2023-жылдын 10-апрелинде Бишкекте К.Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда республикалык универсиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара өлкөнүн аймактарынан келген жогорку окуу жайлардын командаларынын ортосунда өтө турган спорттук мелдештерге арналган. Ачылыш аземге өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана спорт жетекчилери: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Усеков, Дене тарбия жана спорт Департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук олимпиядалык комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев жана Университеттик спорт федерациясынын башкы катчысы Канат Усупбеков катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият министри Алтынбек Максүтов куттуктоо сөзүн сүйлөп, спорт маданиятынын коомдогу маанисин баса белгиледи. Ал ошондой эле Универсиада жаштар үчүн спорттук чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк болоруна ишенерин билдирди. Универсиадага катышуу спорттук мелдештерге гана мүмкүнчүлүк болбостон, катышуучулардын ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу үчүн да мүмкүнчүлүк болот, спортчуларды эл аралык мелдештерге катышууга даярдоо үчүн мындай мелдештердин маанилүүлүгүн белгилей кетүү керек, Универсиада өлкөнүн жаштары үчүн жана студенттик спорттун өнүгүшүнө салым кошууда маанилүү окуя болуп саналат.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар