Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Бишкек шаарынын пилоттук мектептеринин арасында волейбол боюнча мелдештин ачылышы

Көрүлдү: 0

Бүгүн Бишкек шаарынын пилоттук мектептеринин арасында 2023-жылдын 24-27-март күндѳрү Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорт залында өтүүчү волейбол боюнча мелдеш башталды. Бишкек шаарынын пилоттук мектептери арасындагы спорттун волейбол түрү боюнча турнири Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында спорттун командалык түрлөрүн жайылтуу, дене тарбия жана сергек жашоону пропагандалоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 2434/1 буйругун аткаруу максатында өткөрүлөт жана алдыга төмөнкү милдеттерди коет: - мектеп окуучуларын системдүү түрдө дене тарбия жана спортко тартуу; - пилоттук мектептер арасындагы спорттун волейбол түрү боюнча эң мыкты командаларды аныктоо; - мектептер арасында достукту жана карым катнашты бекемдөө жана өнүктүрүү.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар