Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене-тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбор менен Кыргыз Республикасынын "Жеңил атлетика" федерациясы меморандумга кол коюшту.

Көрүлдү: 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене-тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбор менен Кыргыз Республикасынын "Жеңил атлетика" федерациясы меморандумга кол коюшту. Меморандумдун максаты мектеп окуучуларын жана жогорку окуу жайлардын студенттери арасында жеңил атлетика боюнча мелдештерди уюштуруп, жаштарды спортко тартуу, ден-соолугуна кам көрүү болуп эсептелет. Жеңил атлетика — спорттун негизги түрлөрүнүн бири. Ага түрдүү аралыкка басуу, чуркоо, бийиктикке жана узундукка секирүү, ыргытуу жана башка дисциплиналар кирет. Жеңил атлетика менен машыгуу булчуңдарды өстүрөт, жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системасын, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, зат алмашууну жогорулатат, организмди чыңдайт. Жеңил атлетика менен машыгуу көбүнчө ачык жерде, таза абада өткөрүлгөндүктөн анын ден соолукту чыңдоого артыкчылык себептери көп.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар