Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору
“Улуттук нарк-Улуттун жүзү” аттуу тарбия иштери боюнча республикалык Форум

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 17-18 декабрь күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, “Маариф” билим берүү комплексинин кызматташтыгы менен “Улуттук нарк-Улуттун жүзү” аттуу тарбия иштери боюнча республикалык Форумга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борборунун директорунун орун басары Д.Ж.Алышбаева “Маданият – наркты таркатуудагы негизги курал” аттуу темада мастер-класс өткөрдү жана мугалимдер менен пикир алмашты. Руханий дөөлөт, адеп-ахлак, нарк-насил дегенибиздин өзү улуттук маданий кодду сактап калуу деген менен барабар. Маданий код дегенибиз – маданий уникалдуу өзгөчөлүк, бул өзгөчөлүк кылымдан-кылымга, укумдан тукумга өтүп келе берген сырдуу тумар. Биздин эс тутумда калыптанып калган бизге гана мүнөздүү образдардын жыйындысы, тактап айтканда маданий код бул улуттун психологиясы, улуттун жүрүм турум адеби дегенди түшүндүрөт. Улуттук маданиятты, нарк-насилди сактоонун алгылыктуу механизмдеринин бири маданияттын негизги компоненттерин окуу процессине кошуу жана күнүмдүк мамиле курууда тийиштүү иш-аракеттерди колдоого алуу зарылдыгын эске алып балдар, окуучулар үчүн жеткиликтүү бир формаларды, үлгүлөрдү сунуш кылуу зарыл деп эсептейбиз.

post.title

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар