Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча сектору
Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча сектору
БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУНА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТЕН 5 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги 5-июндан 6-июлга чейин 582 мектеп лагерлеринин жана эс алуу жайларынын базасында балдардын эс алуусун уюштурат. Мында калктын аялуу катмарындагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат.

post.title

Балдардын жайкы эс алуусу үчүн жылына республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүнөт.

Ошондой эле КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары балдардын эс алуусун уюштурууга көмөктөшөт. Алсак, бул максатта жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясы 5 млн сомдон ашык, Ош шаарынын мэриясы 250 миң сомдун чегинде каражат бөлүп келет.

Баткен облусунда 5 ден соолукту чыңдоо борборунда 1200 бала эс алат.

Профсоюздардын Жалал-Абад облусттук кеңеши тарабынан 8 лагерде 1660 баланын эс алуусу пландалган.

Нарын облусу боюнча аймактык билим берүү бөлүмдөрү, Борбордук Азия университети, профсоюз уюму 520дан ашык баланын эс алуусун уюштурууга көмөктөшөт.

Ош облустук мамлекеттик администрациясы, профсоюздар, бейөкмөт уюмдар, айыл округдары жана ата-энелер тарабынан 1350дөн ашык окуучунун эс алуусу уюштурулат.

Талас облусунда 650-700 бала ден соолукту чыңдоочу жайга жөнөтүлөт.

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 124 миң 716 баланы эс алдырууну пландаштырууда.

Ысык-Көл облусунун ден соолукту чыңдоо борборлорунда 675 бала ден соолуктарын чыңдамакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар