Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча сектору
Уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча сектору
Сүрөт табылган жок
Эркимбеков Алтынбек Эркимбекович

Жетектөөчү адис

Эркимбеков Алтынбек Эркимбекович

Туулган жылы: 05.09.1990.

БИЛИМИ:

2008-2015-жж. – Кыргыз-Россия Славян университи, эл аралык мамилелер факультети «дин таануу» адистиги.

2017-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Мамлекеттик саясат жана башкаруу программасынын магистри.

2019-2024-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, “Саясий институттар, процесстер жана технологияларадистиги боюнча аспирант. Азыркы учурда кандидаттык даражага изденүүчү болуп саналат.

2023-ж. бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, “Санариптик мамлекеттик башкарууда юристмагистри.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

2014-2015-жж. - Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 4-мектеп гимназиясынын тарых мугалими.

2016-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана каттоо бөлүмүнүн адиси.

2017-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2018-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башкы адиси.

2018-2024-жж. - – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын координация жана уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси (ротация).

2024-ж. бүгүнкү күнгө чейинКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторунун жетектөөчү адиси (ротация).

2024-ж. сентябрь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучусу (саясат таануу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча).

Экстремизм, терроризмге каршы аракеттенүү жана улуттук коопсуздук суроолору боюнча эксперт жана адис.

БАСЫЛМАЛАР, ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕР ЖАНА ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР

Эркимбеков А., “Кыргызстандагы светтик мамлекеттин принцибин ишке ашыруу”, Вестник АГУПКР, 2020 № 27.

Эркимбеков А., «Кыргызстандагы диний уюмдардын саясий укуктук абалы», Alatoo academic studies, 2024, № 2.

20дан ашык методикалык сунуштардын жана 500дөн ашык эксперттик корутундулардын автору.

КЛАССТЫК ЧИН ЖАНА СЫЙЛЫКТАРЫ:

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору класстык чени ыйгарылган;

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү жана улуттук коопсуздуктагы мамлекеттик саясатын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Ыраазычылык каты, ошондой эле КР УКМКнын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, КР ИИМнин, КР ДИМКнын, КР Мамлекеттик тил жана ТСУнын Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 30 жыл юбилейлик медалы жана КР ЖАКнын Активдүү кызматташуу үчүн медалы менен сыйланган.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар