Санариптик трансформация бөлүмү
Санариптик трансформация бөлүмү
2021

Көрүлдү: 0

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы №47-р Буйругунун негизинде министрликтин санариптештирүү ишине 181 893 774 сом акча каражаты бөлүндү. Анын: • 154 680 000 сому компьютердик техника алганга; • 27 213 774 сому министрликке жаңы маалыматтык системаларды жасаганга, иштеп жаткан маалыматтык системаларды техникалык колдоого жана модернизациялоого. Учурда тендерлерди жарыялоо иши жүрүп жатат.

post.title

Министрликтин маалыматтык системалары:

 

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (БББМС) ишке берилди. Система өлкөнүн билим берүү тармагынын негизги базасы болуп эсептелинет. Базалар төмөнкү үч бөлөктөн турат:

  • Бардык деңгээлдеги билим алуучулар;
  • Бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын кызматкерлери;
  • Бардык деңгээлдеги жана бардык менчигинин түрүнө таандык билим берүү уюмдары.

Учурда системага билим берүү уюмдары тарабынан маалыматтар киргизилүүдө. Жалпы 1 млн. 600 миңден ашуун билим алуучулардын, 160 миңден ашуун кызматкерлердин маалыматтары киргизилди. Маалыматтык система жылдын акырына чейин билим берүү тармагы боюнча статистикалык маалыматты камтыган базага ээ болот жана 2021 жылдын сентябрь айына чейин БББМСнын базаларынын негизинде статистикалык жыйнак чыгарылат. 2021 жылы система модернизацияланат жана төмөнкү модулдар кошулат:

  • Билим берүү уюмдарын курууну пландаштырууга жардам берген модуль;
  • Мектептердин авариялык же авариялык эмес экендигин көрсөтүп туруучу карта;
  • Башка маалыматтык системалар жана башка мамлекеттик органдардын базалары менен интеграция.

Билим берүү тармагындагы бардык маалыматтык системалар БББМСга интеграцияланат.

БББМСынын ачык маалыматтарын камтыган порталы бар. Дареги: https://open.edu.gov.kg. Портал арылуу бардык жарандар билим берүү тармагына тийиштүү ачык маалыматтар менен таанышса болот.

 

 

 

 

 

Бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарына кабыл алуу автоматташты:

  • Бала бакчаларга электрондук кезек системасы Кызыл-Кsя, Токмок, Балыкчы, Каракол, Жалалабад, Сүлүктү, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда иштеп баштады. 2021-жылдын акырына чейин өлкө боюнча иштеп баштайт. Система Мамлекеттик кызматтар электрондук порталы менен интеграциялоо иштери аткарылууда. Бул баланы система менен бала бакчага киргизүү үчүн кезекке коюу процессин жеңилдетет. Башкача айтканда документтерди сканерлеп тиркөөнүн зарылчылыгы жоюлат. Система БББМСга интеграция болот. https://balabakcha.edu.gov.kg
  • Мектепке электрондук жазылуу маалыматтык системасы

Система 2019 жылдан бери иштөөдө. 2021-2022-окуу жылына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Джалал-Абад, Ош, Кызыл-Кыя шаарларындагы мектептерге система аркылуу кабыл алынууда. 2022-2023-окуу жылында система өлкө боюнча иштеп баштайт. Учурда системаны Мамлекеттик кызматтар электрондук порталы менен интеграциялоо иштери аткарылууда. https://mektep.edu.gov.kg

  • 2020-жылдан тартып жогорку жана орто окуу жайларга онлайн, аралыктан кабыл алуу аткарылып башталды. Система ЦООМОнун базасы менен интеграция болуп, абитуриент үйүндө олтуруп кабыл алуу конкурсуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жогорку окуу жайлар 100% ушул система аркылуу абитуриенттерди кабыл алды. Система БББМСга интеграция болот. Учурда ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру бүттү жана бюджет үчүн 10891 талон, контракт үчүн 15367 талон ташталды. ЖОЖ боюнча экинчи тур 19 июлда башталат. Орто кесиптик окуу жайларга бюджет үчүн 2060 абитуриент, контракт үчүн 10763 абитуриент өздөрүнүн документтерин жүктөшкөн. Орто кесиптик окуу жайларга биринчи тур 19 июлда бүтөт. https://2020.edu.gov.kg/

https://kitep.edu.gov.kg Китеп электрондук китепканасы иштелип чыгып колдонууга берилди. Электрондук китепканага мектеп программасы менен окутулган бардык китептердин электрондук үлгүсү класстар, тилдер боюнча жайгаштырылды. Мындай китептер системада 1113. Андан тышкары 300 дөн ашуун адабий чыгармалар киргизилген. Китептерди каалоочу тарап көчүрүп алып же системанын өзүндө окуса болот. 

Карантинге байланыштуу Билим берүү министрлиги бир топ алгылыктуу иштерди жаады. Кыска убакыттын ичинде бардык предметтер жана темалар боюнча видео сабактар тартылып эфирден берилди. Ошол сабактардын баары министрлик тарабынан жасалган билим берүү порталдарына жайгаштырылып, видео сабактардын окуучуларга жеткиликтүүлүгү жакшыртылды. https://oku.edu.gov.kg

 

Online open education ачык билим берүү ресурсу жасалууда. Система бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарында эмгектенген окутуучулардын билим берүү ресурстарын бардык билим алуучулардын пайдалануусуна шарт түзөт. https://open.okuukeremet.com/

“Санарип мектеп” маалыматтык системасы https://ds.edu.gov.kg/login

Система мектептеги окуу процессин толугу менен автоматташтырат, кагаз түрүндөгү документтерди электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Система 2021-жылы “Электрондук мектеп” концепциясына ылайыкталып жасалат (аралыктан окутуу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдын билим алуусуна шарт түзүү жана 9-классты бүтүп, чет өлкөгө чыгууга мажбур болгон окуучулардын билим алуусуна шарт жаратат). Бирдиктүү система ишке киргизилгенден кийин, системаны техникалык, программалык жактан колдоого мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүүсү шарт жана анын натыйжасында системаны колдонуу мектеп окуучуларынын ата-энелерине, мектеп администрациясына акысыз болот. Иштелип чыккан система учурда 2021-жылдын акырына чейин 300 мектепке киргизилет жана Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына (ИСУО) интеграцияланат.

 

“Электрондук лицензия берүү жана аккредитациялоо маалыматтык системасы жасалып бүтүп, https://www.asula.edu.gov.kg/ адресинде тесттик режимде иштөөгө берилген. Маалыматтык система лицензия берүү аккредитациялоо процесстерин автоматташтырат. Маалыматтык система буга чейин берилген лицензиялардын реестрин камтыйт жана ал реестр “Түндүк” маалымат алмашуу каналына туташтырылып, башка мамлекеттик органдарга маалымат берилет. БББМСга интеграцияланат.

 

2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Министрлик биринчилерден болуп бирдиктүү документ жүргүзүү системасына толугу менен өтүп (СЭД), бардык келген, кеткен каттар система аркылуу жүргүзүлүүдө. Системанын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдалануу үчүн башка мамелкеттик органдар дагы тез аранын ичинде системаны пайдаланууну башташы керек.

 

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү порталына киргизүүгө министрлик 16 мамлекеттик кызмат “Түндүк” мамлекеттик ишканасына берилген. Анын ичинен 11 кызмат портал аркылуу иштеп баштады. Эгер алардын баары Порталда толук кандуу иштеп баштаса, министрлик тарабынан берилүүчү бардык маалымкаттар (справкалар) жана башка кызматтар толугу менен автоматташтырылат. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар