Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Республика боюнча мектептерде 988 мугалим жетишсиз

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 15-февралына карата республиканын мектептеринде 988 мугалим жетишсиз.

post.title

Чүй облусунда мектептерде 284 мугалим жетишсиз, Бишкек шаарында - 244, Баткен облусунда - 138, Ош облусунда - 101, Жалал-Абад облусунда - 98, Ысык-Көл облусунда - 73, Талас облусунда - 28, Нарын облусунда - 13, Ош шаарында - 9 мугалим жетишсиз.

Бишкек шаары боюнча математика жана эмгек мугалимдерине көбүрөөк суроо-талап бар. Баарынан да Баткен облусуна музыка мугалими жетишсиз – 38 киши, Жалал-Абад облусуна – 19 математика мугалими, Нарын облусуна – 4 физика мугалими, Ош облусуна – 18 музыка мугалими жетишсиз, Чуй облусу боюнча - 35 англис тили мугалими жана 35 математика мугалими, Ысык-Кел облусунда орус тили боюнча — 14 мугалим.

Жалпысынан республика боюнча мектептерде 113 математика мугалими, 112 орус тили мугалими, 97 музыка мугалими, 91 физика мугалими, 89 англис тили мугалими, 82 дене тарбия мугалими, 61 башталгыч класс мугалими, 58 химия мугалими, 48 информатика мугалими, 46 география мугалими, 45 эмгек мугалими, 37 биология мугалими, 32 тарых мугалими, 20 сүрөт/сүрөт чийүү мугалими, 18 кыргыз тили мугалими, 11 баштапкы аскердик даярдык мугалими керек.

Эскертүү: Бош орундардын саны боюнча маалыматтар күн сайын өзгөрүшү мүмкүн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар