Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Республика боюнча мектептерде 929 мугалим жетишсиз

Көрүлдү: 1944

2022-жылдын 15-январына карата республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз.

post.title

Эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде жетишсиз. Бишкек шаарында – 191, Баткен облусунда – 142, Ош облусунда – 112, Ысык-Көл облусунда – 78, Жалал-Абад облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 12, Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.

Бишкек шаарында математика мугалимине көбүрөөк суроо-талап бар, башкача айтканда, 24 киши керек. Баткен облусунда көбүнчө музыка мугалимдери жетишсиз же 37 музыка мугалими керек, Жалал-Абад облусунда – 16 орус тили мугалими, Нарын облусунда – 6 физика мугалими, Ош облусунда – 19 музыка мугалими, Чуй облусунда – 42 орус тили мугалими, Ысык-Кел облусунда – 14 орус тили мугалими жетишсиз.

Жалпысынан республика боюнча мектептерде 123 орус тили мугалими, 99 математика мугалими, 94 англис тили мугалими, 91 музыка мугалими, 84 физика мугалими, 71 дене тарбия мугалими, 62 башталгыч класс мугалими, 49 химия мугалими, 48 информатика мугалими, 39 география мугалими, 33 эмгек мугалими, 30 биология мугалими, 30 тарых мугалими, 23 кыргыз тили мугалими, 20 көркөм сүрөт искусствосу/сүрөт чийүү мугалими, 11 алгачкы аскердик даярдык мугалими жетишсиз.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 82 миңден ашуун мектеп мугалими эмгектенүүдө. Айрым мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигине байланыштуу маселе туруктуу иштеп жаткан мугалимдердин жана жогорку окуу жайды жаңы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн эсебинен чечилүүдө. Айталы, 2021-2022-окуу жылынын башында республика боюнча мектептерде 2000ден ашуун мугалим жетишсиз болчу. Бул боштуктун басымдуу бөлүгүн 2021-жылы педагогикалык адистикке ээ болгон жаш мугалимдер ээлешти. Быйыл да Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бюджеттик жана контракттык негизде окуп жаткан 4400дөн ашуун бүтүрүүчү педагогикалык адистикке ээ болору күтүлүүдө.

Эскертүү: Бош орундардын саны боюнча маалыматтар күн сайын өзгөрүшү мүмкүн. Ошол себептен министрликтин адам ресурстарын башкаруу бөлүмү айына бир жолу мугалимдердин жетишсиздиги тууралуу маалыматты жаңылап турат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар