Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн 2024-жылдын 1-кварталына бекитилген иш планы

Көрүлдү: 0

Мамлекеттик ЖОЖдордун жетекчилери аттестациядан өткөрүлөт

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн 2024-жылдын 1-кварталына бекитилген иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы     № 418 «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иштеген төмөнкү мамлекеттик ЖОЖдордун жетекчилеринин аттестациядан өткөрүлөт:
1.    С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору;
2.    Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын ректору;
3.    Баткен мамлекеттик университетинин ректору;
4.    К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар