Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү
Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу иш-чаралары уюштурулууда

Көрүлдү: 0

Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу иш-чаралары уюштурулууда

post.title

Мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу иш-чаралары уюштурулууда

 

Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, жыл сайын мамлекеттик заказ аркылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу жүзөгө ашыруу жана кызматкерлердин теориялык жана практикалык билимдерин, өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн көндүмдөрүн жаңыртуу максатында, эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен  кошумча кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу, анын ичинде квалификацияны жогорулатуу максатында иш-чараларды жүргүзүп келет.

2023-жылдын апрель айынан тарта кыска мөөнөттүү окутууну жүргүзүүнү  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте пландаштырууда.

Төмөнкү темалар окутулат:

  1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы №313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларын

 иштеп чыгуу боюнча нускама;

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар