Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН “ЭЛ YMYTY” ЭЛ АРАЛЫК СТИПЕНДИЯСЫН БЕРҮҮНҮН ТАРТИБИ БЕКИДИ

Көрүлдү: 762

2022-жылдын 28-июлунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү тууралуу” №397 Жарлыкка кол койду.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы №146 “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Министрлер Кабинети эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелери, стипендиат менен окутууга келишим (контракт) түзүүнүн эрежелери, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишимди бекитти.

Шилтеме:

Токтом жана тиркеме - https://www.gov.kg/ru/npa/s/3985

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар