Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ИИРнын КРдагы АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 506

2022-жылдын 21-июлунда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харази мырза менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 13-отурумунун протоколунда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен ИИРнын илим, изилдөө жана технология министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө илим, изилдөө жана технология жаатындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюу каралгандыгын билдирди.

Саид Харази мырза Иран Ислам Республикасынын Билим берүү жана тарбия министринин Кыргызстанга пландалган иш сапары тууралуу айтып, иш сапардын алкагында жогоруда айтылган Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле элчи башталгыч жана орто кесиптик билим берүү, мугалимдер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Ал эми Алмазбек Бейшеналиев кызматташтык үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, Иран Ислам Республикасынын Билим берүү жана тарбия министри менен жолугушууга жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюуну тездетүүгө даяр экендигин билдирди. Буга кошумча министр элчиге кыргыз-иран биргелешкен илимий фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар билим берүү жана илим жаатында кызматташуу тилегин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар