Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БҮТҮРҮҮЧҮГӨ “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” ТАПШЫРДЫ

Көрүлдү: 1809

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Жалпы республикалык тестирлөөдө 226 упай алып, “Алтын сертификатка” ээ болгон Талгат Бактыбековго КРнын Президентинин мактоо баракчасын жана белегин тапшырды.

post.title

Талгат Бактыбеков Жайыл районундагы Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин бүтүрүүчүсү.

“Мен 10-класстан баштап эле өзүмө “Алтын сертификат” алам деп максат койгом. ЖРТдан жакшы балл алган менден уулу бүтүрүүчүлөрдөн кеңеш сурап, алардын айткандары менен өз алдымча даярдана баштадым. Бир жыл бою тынымсыз даярданып жүрүп, өзүмө болгон ишеничим пайда болду. Мен үчүн эң кыйыны ЖРТнын жыйынтыгын күтүү болду”, - дейт алтын сертификаттын ээси.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-июлунда “Алтын сертификаттын” ээлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин мактоо баракчаларын жана эстеликке белектерди тапшырган болчу. Аталган сыйлык тапшыруу аземине Талгат Бактыбеков жеке турмуш-шартына байланыштуу катыша албай калган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар