Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
ЖОЖдордун КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ РЕЙТИНГИНИН ЛИДЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 1626

Бүгүн, 15-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги – 2022нин лидерлерине сыйлыктар тапшырылды.

post.title

Сыйлык тапшыруу аземинде Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов: “Өзүбүздү алдыңкы университет катары көрсөтүү үчүн көз карандысыз баалоодон коркпошубуз керек... Биз өзүбүздү сырттан көрүшүбүз керек”, - деди.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов көз карандысыз рейтингдин аркасында профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик өнүгүүсү, университеттердин илимий ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктары тууралуу маалымат алынганын белгиледи.

Рейтинг Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги (IAAR) тарабынан даярдалган. Бүгүн сыйлоо аземинде аталган мекеме “Билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда рейтингдин жана эл аралык аккредитациянын ролу” деген темада баяндама жасады.


Белгилей кетсек, быйыл Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин эң көп сыйлыгын Ош мамлекеттик университети алды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар