Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН 10 ЖАРАНЫ ТҮШТҮК КОРЕЯГА ДАРЫЛАНУУГА БАРАТ

Көрүлдү: 668

2022-жылдын 15-июлунда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Корея Республикасынын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Тараптар медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Сыдыков жана ушул элек окуу жайдын Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчичи Бакыт Келдибеков катышты.

Кыргыз улуттук университети менен кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Кемён университети Кыргызстанга Донгсан медициналык борборунун дарыгерлерин жиберди:

- Эл аралык кызматташуу департаментинин директору, пластикалык хирург Сон Дэ Гу;

- Социалдык-миссионердик бөлүмүнүн директору, гастроэнтеролог Чо Гван Бом;

- Педиатрия бөлүмүнүн башчысы, балдар кардиологу Чхве Хви Джон;

- Кемён университетинин Россия жана Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы Пак Сон Джин;

- Алматы шаарындагы Донгсан клиникасынын башкы дарыгери, гинеколог Чхве Ын Джу;

- Эл аралык ден соолук борборунун менеджери Тэн Сан Жин;

- Эл аралык ден соолук борборунун координатору Югай Наталия.

Дарыгерлер тубаса жүрөк кемтиги, тубаса сол жак эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшеришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен Кыргызстандын оор дартка чалдыккан10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалууда.

Билим берүү жана илим министри университеттердин ооруканаларына чоң маани берилерин билдирди.

Эл аралык кызматташуу департаментинин директору Сон Дэ Гу кызматташууга, билим берүү программаларына көмөк көрсөтүүгө, адистерди даярдоону жакшыртууга даяр экенин билдирди. Ал эми министр Корея Республикасынын адистеринин тажрыйбасын тартууга жана биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар