Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН БИРГЕЛИШИП КӨТӨРӨЛҮ”

Көрүлдү: 610

Бүгүн, 14-июлда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналист, активист жана блогерлер менен бейформал жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууда министр билим берүү тармагындагы бала бакчадан баштап, илим тармагына чейинки көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү үчүн акырындан иштер башталганын жана алдыда чоң өзгөрүүлөр болорун билдирди.

Ошондой эле министр билим берүү тармагын алдыга көтөрүү үчүн журналист, блогерлерди биргелишип иштөөгө чакырып, алардын кеп-кеңешин угууга дайыма даяр экенин кошумчалады.

Мындан сырткары министр мугалимдердин статусун көтөрүү боюнча жаңы жарлык даярдалып жатканына токтолду.

“Жаңы жарлык даярдап, президентке жиберүү алдында турабыз. Анда мугалимдерди колдоо, коммуналдык маселелер, жергиликтүү бийликтин колдоосу, турай-жай сыяктуу маселелер камтылган.

Республика боюнча тейлей турган электрондук мектепти ачууну көздөп жатабыз. Кудай сактасын, эгерде пандемия кайрадан кайталана турган болсо, дал ушул электрондук мектеп өлкө боюнча бүт мектепке билим берет”, -деди министр Бейшеналиев.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар