Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БАЛЕТ МЕКТЕБИНИН БАЛДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 572

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов “Антре” балет студиясынын жетекчиси Жамиля Туляева менен жолугушту.

post.title

Балет студиянын окуучулары Санкт-Петербург шаарында өтө турган “Балдар балет мектеби” сынагына катышуу үчүн кетүүгө камданууда.

Министрдин орун басары сынакка аттанып жаткан балдар менен жолугушуп, аларга ийгилик каалады.

Аталган сынакта 2017-жылы “Антре” балет студиясы 1-орунду жеңип алган.

Белгилей кетсек, “Балдар балет мектеби” сынагын Санкт-Петербург шаарындагы Эл аралык хореографтардын союзу уюштуруп келет. Ага 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар катышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар