Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “БУЛ КОНКУРС БААРЫНА АЧЫК БОЛОТ. АР БИР ЖАРАН ОНЛАЙН КӨЗ САЛЫП ТУРА АЛАТ”

Көрүлдү: 2128

2022-жылдын 13-июлунда “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат борборунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына сынакты өткөрүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу маалымат жыйыны болду.

post.title

Маалымат жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 8-июлунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” №224 Жарлыгы боюнча өттү.

Жарлыктын максаты республиканын мектеп жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү болуп саналат.

Маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басарлары Надира Жусупбекова жана Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Умралиева, Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова, Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов катышты.

Мектепте билим берүүнүн сапаты көп факторлордон көз каранды. Мугалим бүткүл билим берүү системасынын өзөгү болсо, директор – мектептин өзөгү. Биринчи кезекте мектептеги билим берүүнүн сапаты жетекчинин ишмердүүлүгүнөн көз каранды деп билдирди министр.

Мектеп директорлорун дайындоонун жаңы механизми кыйла жөнөкөй, ачык-айкын жана коррупцияга каршы күрөштүн негизи болгон адам факторун жокко чыгарат. Жаңы механизмдин биринчи айырмалоочу өзгөчөлүгү директорлук кызматка талапкер, сынакка катышуу үчүн документтердин пакетин КР БИМ сайтына өз алдынча жүктөөсүндө.

Экинчи өзгөчөлүгү - толугу менен автоматташтырылган тестирлөө болуп саналат. Аудиториялар, онлайн режиминде чагылдырып бере ала турган видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылып, тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкерлерге заматта чыгарылат.

Тесттер башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, колдонуучу деңгээлинде IT-технологиялар, конфликттерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актылар сыяктуу темаларды камтыйт. Мындан ары мектеп жетекчилигин дайындоодо ачыктыкты камсыз кылабыз”, - деди министр Бейшеналиев.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар