Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 1237

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү.

post.title

Анда төрага министрликтин аткарган иштери жана алдыдагы пландары менен таанышып, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр заман талабына ылайык жүрүшү керек деп белгиледи.

“Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, баарыбыз биргелешип иш жасай турган мезгилдебиз”, - деди Акылбек Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим менен илим – экономиканы алдыга жылдыруунун негизги локомотиви экенин айтып, министрлик тарабынан калктын билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаларын билдирди. 
Өз кезегинде Акылбек Жапаров билим берүү тармагын колдоого алуу күчөтүлөрүн убадалады.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар