Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МЕКТЕПТЕРДЕ АР АПТАНЫН БАШЫНДА ЖАНА АЯГЫНДА ГИМН ЫРДАЛАТ

Көрүлдү: 1057

Мындан ары мектептерде Кыргыз Республикасынын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү ырдалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

post.title

Бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.

Министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги министрликтердин ичинен алгачкылардан болуп Баткенде көчмө жыйын өткөрүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар