Борбордук аппарат
Борбордук аппарат
МИНИСТР ЧАТКАЛДАГЫ МУГАЛИМДЕН КАБАР АЛДЫ

Көрүлдү: 1274

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы мектепте болгон кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеевадан ооруканага барып, кабар алды.

post.title

Министр сабак учурунда күтүүсүз кырсыкка кабылган окутуучуга батыраак калыбына келип, өз окуучуларына кайрадан эртерээк сабак бере баштоосун каалады. Алмазбек Бейшеналиев Асия Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу пансионаттардын бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин айтты.

Кошумчалай кетсек, 17-майда Терек-Сай айылындагы мектепте болгон окуядан улам Ала-Бука райондук ооруканасына жаткырылган мугалимдин абалы жакшы. 2-3 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар